
Улуу Британияда колукту үлпөт тоюна 4 күн мурда каза болгон атасынын сөөгүнүн күлүнөн маникюр жасатты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Шарлотта Уотсон кичине кезинен баштап, атасы аны өз колу менен турмушка узатат деп кыялданган. Тилекке каршы, атасы үлпөт тоюна 4 күн калганда рак илдетинен көз жумган. Бирок колукту атасынын анын үлпөт тоюнда болушун каалап, анын сөөгүнүн күлүнөн маникюр жасаткан.
Бул ой Уотсондун аталаш бир тууганынын оюна келген. Ал маникюр жасоодо мыкты адис катары белгилүү. Колуктунун тырмагын жасалгалоодо тартылган видео анын социалдык тармактагы баракчасына жүктөлүп, көптөгөн талкуу жараткан.
Уотсон үлпөт тойдон кийин тырмакты атайын кутучага салып, атасын эстеп туруу үчүн сактап койгон.