Ай сайын Бишкектеги “Дордой” базарынан бюджетке салык түрүндө 32 миллион сом түшөрүн бүгүн, 12-августта жыйын учурунда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиев билдирди. Айтымында, бул базардан салыктын түшүшү абдан аз. “Базарда миллиарддаган доллар айланып жатат. Бирок патенттик салыкты жогорулата албайбыз. Себеби ал товардын айланышынан көз каранды эмес. Салык кызматы базарга болгон салык системин кайра карап чыгууда. Азырынча салыктын көлөмүн азыраак жогорулатууга мүмкүн болду”,- деди ал.