SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилген чыгарманын ордуна Адилет Азимовдун "Тоолор" аталышындагы клиби кошулду. Чыгарма "Дарак ыры" мюзикли үчүн жазылган.
"Бул чыгарма тасма үчүн жазылган. "Дарак ыры" мюзиклинин режиссёру Айбек Дайырбеков ушундай чыгарма бар, аткарып бербейсиңби деп сунуштап калды. Ырдын сөзү, обону менен таанышып чыктым, чыгарма жакты. Клип мюзиклден үзүндү катары алынган. "Тоолор" чыгармасы ырчы Нурчолпон менен дагы аткарылган", - дейт ырчы.
2-ОКТЯБРДАН 9-ОКТЯБРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
10-орун - Назми менен Куралбек Чокоевдин "Бул ким?" видеокомпозициясы эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.
9-орунду - Данияр Эрматовдун "Кыргызмын мен" чыгармасы камсыздады.
8-орун - "Музаман" тобунун "Жубайыма" аталышындагы видеокомпозициясына буюрду.
7-орунду - Эрлан Андашевдин "Өкүнбө" клиби ээледи.
6-орунду - Чолпон Талипбектин "Таппадым сендей" чыгармасы багындырды.
5-орунду - Айпери Сыдыкованын "Бакыт издери" чыгармасы багындырды.
4-орунга - Динара Акулованын "Балама" видеоклиби жайгашты.
3-орун - Нурмат Садыровдун "Келчи" видеоклиби алдыңкы үчтүктөн орун алды.
2-орунду - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Айдин Шердин "Отуздан ашып барамын" видеокомпозициясы камсыздады.
1-орун - 60`К тобу менен Айя Садырованын "Сүйүү балы" клиби эң көп добушка ээ болуп, апта жеңүүчүсү деп табылды.
Сүйүктүү видеокомпозицияңызга добуш берүү үчүн шилтеме.