Александр Крестинин: "Эртең күйөрмандарды кубантабыз"

Кыргыз улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин эртеңки оюнда күйөрмандарды кубантууга команда болгон аракетин жумшарын билдирди. Бул тууралуу ал Кыргыз-Мьянма беттеши алдындагы маалымат жыйынында айтты.

"Команда толугу менен чогулду. Турнирдик жадыбалдагы абалыбызды жакшыртуубуз зарыл. Ал үчүн эртеңки оюнда болгон аракетибизди жумшап, күйөрмандарды кубантуубуз керек.

Батыркановдун ордуна чабуулчу чакырсак болмок, бирок командага ким азыркы учурда мыкты даярдыкта болсо, ошолор чакырылган. Ахлидин Исраиловдун командасы жок, бирок даярдыгы талаптагыдай. Азия Кубогунда гол киргизгенде эч ким эч нерсе деген эмес эле. Ал мыкты оюн көрсөтөрүнө ишенем, бирок анын эч бир командада ойнобогону - көйгөй.

Мьянма командасы учурда Кореяда ойногон команда эмес. Алардын машыктыруучусу алмашты, талаптары өзгөрдү. Командага жаңы жаш оюнчулары келген. Алардын футболу да өзгөргөн", - деди Крестинин.

Кыргыз футболчулары менен Мьянма эртең, 10-октябрда Бишкекте ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tyty1990
2019-10-09 17:13:30
Оа кыйратасынар
-4
Taalai94
2019-10-09 17:37:06
Ошенткилечи азыр бизди спортчулардан башка эчким кубантпай калган.
+3
lightning57
2019-10-09 20:18:19
Крестининден интервью албагылачы оюн алдында,дайым мактанып алат да,женилген сон бизден катачылык болду ондойбуз деп калат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан