Август айына социалдык төлөмдөр үчүн мамлекеттик бюджеттен 482 миллион 454,4 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 360 миллион 35 900 сом жөлөк пулдар үчүн, 122 миллион 418 500 сом компенсациялар жана жеңилдиктер үчүн которулган.