Улуттук курама команданын капитаны Валерий Кичин Мьянма менен боло турган беттешке жеңиш үчүн гана ойноорун билдирди. Бул тууралуу ал оюн алдындагы маалымат жыйында билдирди.
"Көптөн бери улуттук курама команда менен чогула элекмин. Албетте, курамдагы футболчулар бири-бирибизди сагынабыз. Анткени бат-баттан чогула бербейбиз да. Алдыда боло турган оюнда жеңиш үчүн гана ойнойбуз. Өз күйөрмандарыбыз алдында упай жоготууга болбойт", - деди ал.
Кыргыз өлкөсү менен Мьянма 10-октябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо ойнойт.