Алып баруучу Урмат Борченов кырк жылкылуу болду

Алып баруучу, шоумен Урмат Борченов ата макамына ээ болду. Дегенибиз, алып баруучунун жубайы 9-октябрда борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарды. Өзүмө окшош кыздуу болдум деген Урмат Борченов буларга токтолду.

"Жубайым кечээ, 9-октябрда кыз төрөдү. Кудайга шүгүр эне, баланын абалы жакшы. Кызым 3 килограмм 400 грамм салмакта төрөлдү. Буга чейин эле ысым тандап койгонбуз. Азырынча кызымдын аты-жөнүн жарыялабай турайын", - деди ал.

Урмат Борченов жубайы Асел айым менен ушул жылы баш кошуп, 17-февралда үлпөт тоюн өткөрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан