Улакчы Манас Ниязов уулдуу болду

Белгилүү улакчы Манас Ниязов уулдуу болду. Келиним Назира кечээ, 9-октябрда Өзгөндөгү төрөтканалардын биринде көз жарды деген Ниязовдун апасы Айсалкын Эсенбаева буларды айтып берди.

"Уулум менен келиним кечээ, 9-октябрда тун наристелүү болушту. Неберем 3 килограмм 200 грамм салмакта төрөлдү. Бирде толкунданып, бирде кубанып жатабыз. Манастын уулу 30 же 31-неберем, так санын билбей калдым. Неберебизге ысым ыйгаруу бир аз татаалыраак болуп жатат. Атасынын атына байланыштырып же атасынын ийгилигин алып жүрө турган мырза болсун деп жатабыз. Азырынча чече элекпиз", - дейт неберелүү болгон Эсенбаева.

Манас Ниязов сүйүктүүсү Назира менен 2018-жылдын 11-декабрында баш кошуп, 12-декабрда Оштогу тойканалардын биринде үлпөт тоюн өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ulaAjidar
2019-10-10 09:46:01
Аллахым омуру менен,акыл эс денсоолугу менен берген болсун..
+7
Kalmurzaev8900
2019-10-10 09:55:37
Бешик бооң бек болсун жердеш
+4
altyn2015
2019-10-10 18:29:10
Бешик боонор бек болсун!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан