Мамлекеттик жеке өнөктөштүк негизинде 20 мектеп куруу пландалып жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков IFC эл аралык каржылык корпорациясынын өкүлдөрү Петью Николов, Салтанат Алымкулова жана Нассер Масоудду кабыл алды.
"Жолугушууда тараптар мамлекеттик жеке өнөктөштүк негизде “Мектептерди куруу жана реконструкциялоо” долбоорунун алкагында жүрүп жаткан жумуштарды талкуулашты. Долбоордун негизинде Кыргыз өлкөсүнүн Бишкек жана Ош шаарларында 20 жаңы мектеп куруу пландалган. Азыркы учурда эки шаардын бийлиги билим берүү мекемесин куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берген. Жакынкы алты айда IFC эксперттери мектеп курулуучу ар бир тилкенин жайгашуу ордун, техникалык-экономикалык негиздемесин эске алуу менен мектептердин курулушуна кетчү каражатты аныктап чыгышы керек.
Долбоордун ишке ашуусуна кеткен каражатты IFC эл аралык каржылык корпорациясы берет. Техникалык жана башка талаптардын негизинде мектепти салып, пайдаланууга берүүгө милдеттүү", - деп айтылат маалыматта.
Билим берүү жана илим министри бул долбоорду колдоорун жана жумушту тездетүүгө кызыкдар экенин билдирген.