"Барселонанын" чабуулчусу Лионель Месси карьерасындагы эң мыкты голу кайсы экендигин айтып берди.
Мессинин айтымында, 2009-жылы Римде болгон Чемпиондор Лигасынын финалында киргизген голу эң мыкты болгон деп эсептейт. "Мен эң мыкты голумду финалда "Манчестер Юнайтеддин" дарбазасына киргизгем", - деди ал.
2009-жылы Чемпиондор Лигасынын финалында "Барселона" "Манчестер Юнайтедди" 2:0 эсебинде утуп алган. Ал оюнда Месси 70-мүнөттө башы менен гол киргизген.
32 жаштагы Месси карьерасында 600дөн ашык гол киргизген.