Эркин күрөш боюнча Кыргыз курама командасы Орусияда өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, Хасавюрт шаарында 10-14-октябрь аралыганда Континентал Кубогу өтөт, Грозный шаарында 17-21-октябрь күндөрү Ахмат Кадыровдун урматына арналган мелдеш өтөт. Бул мелдештерге 5 кыргыз балбаны катышат.
Кыргыз өлкөсүнүн курамы:
57 килограмм - Бекболот Мырзаназар уулу
65 килограмм - Алибек Осмонов
70 килограмм - Эламан Догдурбек уулу
74 килограмм - Илгиз Жакыпбеков жана Бекжан Жамбулов