Кыргыз Эл артисти Гүлайым Каниметова залалдуу шишик илдетине кабылды. Анын дарылануусуна жардам керек

"Курманжан датка" спектаклинде датканын ролун жараткан Кыргыз Эл артисти Гүлайым Каниметова залалдуу шишик дартына кабылды. Учурда актрисанын дарылануусуна каражат керек. Мындай маалымат Арсен Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

"Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө татыган, бир нече кино сыйлыктардын ээси кыйын абалга туш болду. Ушул жылдын сентябрь айында дарыгерлер ага меланома (теринин рагы) илдетине кабылганын маалымдашты. Бул залалдуу шишик бат өрчүп, аны дарылоо кыйынчылык жаратат экен. Актриса Москвадагы клиникалардын биринен кайра медициналык кароодон өтүп, операция жасатуу боюнча келишим түздү. Бирок анын жол киресине, дарылануусуна каражат керек болууда. Мындан улам биз акча чогултууну баштадык", - деп жазылат.

Гүлайым Каниметова 50 жылдан бери театр сахнасында үзүрлүү эмгектенип келет. Ал "Курманжан датканын", "Эсимде" спектаклиндеги ролу менен эл оозуна алынган. Ал бул роль үчүн бир нече жолу "Аялдын мыкты ролу" наамын, Гран-прилерди багындыра алган.

Жардам берүүнү каалагандар каражатты Элсомго которсо болот: 0558822805.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jasi.jasi
2019-10-10 16:50:46
Аллах шыпаасын берсин.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан