Ушул жылдын күз айларынан тарта футбол боюнча Кыргыз улуттук курама команда Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна жана 2023-жылкы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарында күчүн сыноодо. Бул оюндарда команда чоң ишеним арта турган футболчуларынын бири – Виталий Люкс болот.
Азия Кубогунан кийин Кыргыз өлкөсүнүн булуң-бурчуна чейин таанылып, кыздардын жүрөгүнө чок салган чабуулчу алдыдагы оюндар, кыздар жана кыргыз футболу тууралуу SUPER.KG порталына маек курду.