Бүгүн, 10-октябрда үч автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы орун алды.
Ага ылайык, Чүй менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде саат болжол менен 18:30 чамасында Тойота Витц, Тойота Альфард жана Ниссан үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.
Ниссан үлгүсүндөгү автоунаасынын ээси: "Мен жашылга өтүп келе жаткам. Ал ортодо капталдан катуу ылдамдык менен бир автоунаа келип сүздү. Чынын айтсам, эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдым. Окуяны териштире келгенде мени күнөөлүү деп чыгышты", - деди ал.
Маалым болгондой, жол кырсыгы катталган жерде кыймылды жөнгө салып жаткан автоинспектор болгон. Бирок айдоочу аны байкабаганын билдирди. Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда.