Кечээ, 10-октябрда кыргыз футболчулары Катар-2022 Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын алкагында Бишкекте Мьянманы кабыл алды.
Оюн толугу менен кыргыз футболчуларынын көзөмөлүндө өттү. Биринчи таймда эле эсеп саны 5:0 болду. Экинчи таймда эки гол киргизип, жыйынтыгында эсеп саны - 7:0 болду. Жеңишти камсыздаган ак шумкарлардын бүйүр кызыткан оюнунан фоторепортажды сунуштайбыз.
Голдор: Эдгар Бернхардт оюндун 4-9-87-мүнөттөрүндө, Алимардон Шукуров беттештин 20-71-мүнөттөрүндө, Гүлжигит Алыкулов оюндун 26-мүнөтүндө жана Валерий Кичин оюндун 45-мүнөтүндө.
Эми кыргыз футболчулары 15-октябрда конокто Монголия менен беттешет.