Александр Крестинин: "Талаага чуркап чыккан күйөрман кыргыз футболуна чоң көйгөй жаратат"

Кыргыз-Мьянма беттеши учурунда күйөрман футбол талаасына чуркап чыкты. Күйөрман талаанын ортосуна чейин чуркап чыгып, Матяш менен учурашканга жетишкен. Аны милиция кызматкерлери кармаганга жетишти. Эми бул кыргыз футболуна чоң көйгөй жаратарын улуттук курамдын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин билдирди.

"Талаага чуркап чыккан чыныгы күйөрман эмес. Кыргыз футболуна күйгөн адам болсо минтип "өнөрүн" көрсөтпөйт болчу. Бул эми кыргыз футболунда чоң көйгөйгө айланат. Буга чейин Азия футбол конфедерациясынан ушундай кылык үчүн чоң айыпка жыгылганбыз. Футбол федерациясында акча көп эмес, эми дагы чоң жаза болот. Бир адамдын кылыгынын айынан эми өз үйүбүздө ойнобой калышыбыз да мүмкүн.

Мындай нерсени ал өзү жасаган жок да. Анын жанындагы адамдар аны токтотушкан жок. Коомчулук тарбиялап, бөгөт коюу керек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Islambek123
2019-10-11 10:45:45
Допаразди кармап толоткуло эми,охрана эмне кылып турат карабай.
+14
TalaCSKA
2019-10-11 10:48:13
АФК менен ФИФА бизге канча штраф салса ошол эшекке толоткуло !баары коргондой кылып толоткуло!чуркап чыккан жигит жигит эмес эле МАЛ экенсин!!!
+11
Tyty1990
2019-10-11 11:04:21
Оюн бүтөйүн деп калганда чуркап чыкты. Бир эшектин айынан жабыр тартабыз эми.
+11
Altyn.bala
2019-10-11 11:12:50
Жанагынча милисиа байкелерибиз эмнени карап турат.Талаага чуркап чыккыча коп бар го,духтары жетпей карап турду окшойт.
+8
KUMKA
2019-10-11 11:40:50
ХХХХ жайлоодо тарбия алган.
+7
Makedonia
2019-10-11 16:28:27
ХХХХХ Болгон уй-мулкун саттырып болсо да озуно толотуш керек ошол айып акчаны. Болбосо стадионго тазалоочу кылгыла, омур бою бекер иштеп карызын толосун. Стадион бош кезде каалашынча чуркай берет.
+5
demo009
2019-10-11 18:57:28
Эми койгулачы туугандар жаман эле кемсинтип салыпсыңар го байкушту,ал дагы сүйүнгөнүнөн чуркап чыкты да,жети нөл болуп атса,
-4
Avrora2017
2019-10-11 19:49:01
demo009,чуркап чыгардан мурда ойлонбойбу башы менен обу жоктонбой миллион айып толосо жакшыбы эми федерация итак кедей , мейли сого беришсин эштеке болбойт озуно окшогон допарастарга сабак болот экинчи чуркап чыкпагандай болушат футболный поляга, а то бат эле эшеккана кылып ийишет биздикилер
0
karona12
2019-10-11 19:56:37
Жазалаш керек башкаларга сабак болгудай кылып,Так ошонун озуно штраф салсын кором анан кийин кимиси чуркап чыгаар экен.
0
Jacob.
2019-10-11 22:45:05
Эми алдыга жылып атканда, ушинтип аркадан ХХХХ алгандар үчүн өнүкпөйбүз да..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан