40 жылга созулган тыюу салуудан кийин Иран өлкөсүндө жашаган аялдар стадиондо футбол көрүү укугуна ээ болушту

40 жылдык чектөөдөн кийин Иран өлкөсүндө жашаган аялдар стадиондо футбол көрүштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 10-октябрда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Иран улуттук курама командасы "Азади" стадионунда Камбоджа курамасы менен кез келген. Оюндун жыйынтыгында Иран курамасы атаандашынын дарбазасына 14 жоопсуз гол киргизген. Аталган оюнга 3 миңден ашуун кыз-келиндер күйөрмандык кылууга келген. Аларга атайын сектор бөлүнүп берилген.

Айта кетсек, 1979-жылы болуп өткөн революциядан кийин аталган өлкөдө кыз-келиндерге футболго стадиондо күйөрмандык кылууга тыюу салынган.

2019-жылы 30 жаштагы Сахар Ходаяри аттуу футбол күйөрманы аталган мыйзамга каршы чыккан. Ал сот имаратынын алдында өзүн өрттөп, көп өтпөй ооруканада көз жумган. Өлкө бийлиги бул окуядан кийин чектелүү болсо да кыз-келиндерге стадиондо өздөрү каалаган командага күйөрмандык кылууга уруксат берген. Аталган чечимдин чыгышына Дүйнөлүк футбол федерациясынын дагы салымы чоң.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан