Кыргыз-Мьянма беттеши учурунда күйөрмандын футбол талаасына чуркап чыккандыгы боюнча оюндун комиссары рапорт жазгандыгын Футбол федерациясы билдирди.
"Бул оюндун комиссары жана коопсуздук боюнча офицери окуя боюнча рапорт жазышкан. Эми Футбол федерациясы Азия футбол конфедерациясынын жана ФИФАнын чечимин күтөт", - деди Футбол федерациясынын маалымат кызматынын башчысы Наталья Угрюмова.
Буга чейин Австралия менен болгон оюнда да күйөрман талаага чуркап чыгып, анда Футбол федерациясына 28 миң доллар айып салынган.