Чүй облусунун Кемин РИИБине 27 жаштагы келин арыз жазган. Арызда мурунку күйөөсү 28 жаштагы Т.Т. 4-октябрь күнү күч колдонуп зордуктап, денесине ар кандай жаракат келтиргени жазылган. Бүгүн, 11-октябрда шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, камакка алуу чечими чыкты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.
5-октябрь күнү Кемин РИИБине 27 жаштагы келин арыз жазган. Арызда мурунку күйөөсү 28 жаштагы Т.Т. 4-октябрь күнү күч колдонуп зордуктап, денесине ар кандай жаракат келтиргени жазылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.