КҮНСОБОЛ: Учурда бийлик тарабынан Кыргыз жарандарынын конституциялык укугу, башкача айтканда шайлоого катышуу укугу камсыздалып жатабы?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Саясатчы Адахан Мадумаров кайрылуу жасап, чет өлкөдөгү Кыргыз жарандары конституциялык укугунан пайдаланбай жатканын айтты. Ал башка мамлекетте жүргөн Кыргыз жарандары шайлоолордо добуш бербей калып жатат деген пикирин айтты. Мындан улам ал “Укугум бар” деген кыймылды түздү.

SUPER.KG порталы "Мадумаров шайлоого катыша албай жаткан Кыргыз мигранттарынын маселеси боюнча "Укугум бар" деген аталышта кыймыл түзүп, коомчулукту колдоого алууга чакырды. Учурда бийлик тарабынан Кыргыз жарандарынын конституциялык укугу, башкача айтканда, шайлоого катышуу укугу камсыздалып жатабы?" деген собол салды.

БЕКЕШЕВ: "Биз келечекте почта менен бюллеттендерди жөнөткөн эрежелерди киргизсек, анда жарандарыбыз шайлоого толук катыша алмак"

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев чет мамлекеттерде жашаган Кыргыз жарандарынын шайлоого катышууга толук укугу бар экенин, эгер ошол мамлекетте элчилик же консулдук жок болсо, анда ал жаран айласыз шайлоого катыша албай кала турганын айтты. "Мигранттар негизи добуш берүүгө мыйзам боюнча катыша алат. Азыр эрежелер боюнча чет өлкөдөн болсоң элчиликке барып, консулдукка кезекке турушуң керек. Кезекке тургандан кийин, ал жактан шайлоого катышуу өтүнмөсү келет. Эмне үчүн консулдукка кезекке туруш керек? Себеби бул жактан бюллеттень жиберишет. Алар так санын билиши керек да. Качан сан белгилүү болгондон кийин, маалыматтар базасы жиберилет. Аты-жөнү белгилүү болгон кишилер, ал жакта барбы же жокпу, аныкталышы керек. Мындан сырткары, ал жактан биометрикалык каттоону карашат.

Менимче, чет өлкөдө жашаган жаран шайлоого катышам десе, анын укугу мүмкүнчүлүгү дагы бар. Бирок кээ бир мамлекеттерде бул маселеге байланыштуу көйгөйлөр жок эмес. Ал көйгөй кээ бир өлкөлөрдө элчилик жана консулдук жок. Ошондуктан ал жарандар шайлоого катыша алышпайт. Биз келечекте почта менен бюллеттендерди жөнөткөн эрежелерди киргизсек, анда жарандарыбыз шайлоо мүмкүнчүлүгүнө толук ээ болмок", - деди Бекешев.

БЕКМАТОВ: "Чет мамлекетте жүргөн Кыргыз жарандары шайлоого катышуу укугун камсыз кылам десе эч ким тыюу салбайт"

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов чет мамлекетте жүргөн Кыргыз жарандары конституциялык укугун камсыз кылам десе эч ким тыюу салбайт деген пикирде.

"Алар шайлоо тизмесине кириши керек. Миллиондон ашык жарандар чет мамлекетте жүрөт деп айтылат, бирок шайлоого катышуу үчүн тизмеге келип жазылганы 18 миң жарым эле жаран болду. Алардын дагы 5 миңге жетпегени шайлоого катышты. Чет мамлекетте жүргөн жарандар саясий окуяларга анчалык кызыкдар эмес экенин көрсөтөт. Чет мамлекеттерде шайлоо тилкелеринин санын көбөйтүү боюнча мыйзам кабыл алынып, эми көрсөткүч жогорулайт", - дейт Бекматов.

АБДРАХМАТОВА: "Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз жарандары шайлоо укугун ыңгайлуу, татаалдаштырылбаган тартип менен ишке ашырууга шарт түзүлүшү керек"

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо мамлекеттен сырткары жүргөн Кыргыз жарандарынын 18580 гана шайлоочулар тизмесине киргизилгенин эске салды. "Алардын 5225 гана шайлоочу келип, добуш берген. Бул көрсөткүчтөрдү биздин мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы менен салыштырсак мисалы, 2018-жылы гана алардын расмий маалыматы боюнча 640000 Кыргыз жараны Орусияда миграциялык каттоодон өткөн. Бул эң ири болсо да, бирок бир чет мамлекеттеги кыргыздардын расмий саны. Алардан сырткары, расмий каттоосу жок канча мекендештерибиз сыртта жүрөт?

2017-жылы мен Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү катары, сырт жакта жүргөн жарандардан консулдук каттоосун талап кылбай, аларды "туруктуу" же "убактылуу" консулдук каттоодон өткүлө деп жүдөтппөй, добуш берүү укугун ашырууга шарттарды жөнөкөйлөтөлү деп сунуш кылгам. Ал үчүн сыртта жүргөн Кыргыз жараны "шайлоо дарегин" тандоо боюнча же бардыгыбызга белгилүү болгон "форма 2" арызын биздин дипломатиялык өкүлчүлүккө же консулдук мекемеге жазып, шайлоочулардын тизмесине киргизилиш керек дегем. Башка эч кандай каттоону талап кылбай. Бирок добуш берүүнүн жыйынтыктары бурмаланып калышы мүмкүн деп аталган комиссиянын төрайымы жана калган мүчөлөрү бул сунушумду колдобой коюшкан. Быйыл жайында президенттин алдында түзүлгөн жумушчу топ, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизип, кайрадан эле "убактылуу" же "туруктуу" консулдук каттоодо тургандар гана добуш бере алат деп БШКнын көпчүлүк мүчөлөрүнүн пикирин эми мыйзамдаштырып коюшту.

Быйыл мыйзамга кирген жакшы өзгөртүүлөр бар. Бул чет мамлекетте түзүлгөн шайлоо тилкелеринин санын көбөйтүү боюнча жакшы өзгөртүү. Бирок иш жүзүнө келгенде, БШК менен Тышкы иштер министрлиги расмий консулдук каттоодо турган жарандардын санына карап иш кылышат дагы, ал эми Миграция кызматы, Бажы кызматы, Чек ара кызматындагы чет өлкөгө чыгып кеткен Кыргыз жарандарынын саны эске алынбай калат.
Менин пикирим, азыр шайлоочуларды идентификация кылуу шайлоодо жакшы жетишкендиктерге алып келди. Ошондуктан, мурунку шайлоодо болгон добуш берүүдөгү бурмалоолордон коркпой, чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз жараны кайда болбосун шайлоо укугун ыңгайлуу, татаалдаштырылбаган тартип менен ишке ашырууга шарт түзүлүшү керек. Бийлик өзүнүн жарандарына ишенбесе, Кыргыз жарандары кантип бийликке ишенет?", - дейт Абдрахматова.

ЧОЛПОНБАЕВ: "Мигранттардын шайлоо укугу камсыздалбай жатат"

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев Орусиянын бардык облустарында шайлоо тилкелерин ачуу боюнча талап кылып жатышканын билдирди.

"Чет мамлекетте жүргөн Кыргыз жарандарынын шайлоо укугу камсыздалган жок. Орусияда 16 шайлоо тилкеси бар болчу. Акыркы эки шайлоодо 4 гана шайлоо тилке кылып койду. Муну менен алар шайлоо укугунан ажырап жатат. Орусиянын бардык облустарына шайлоо тилкелерин ачкыла деп талап кылып жатабыз", - дейт Чолпонбаев.

ИСАКОВ: "Мигранттардын көпчүлүгүнүн добушу бийликке каршы берилет"

Жарандык активист Гүлжигит Исаков шайлоо системинде 6 негизги тоскоолдуктар бар экенин айтты.

"Учурдагы эсеп боюнча Кыргыз Республикасында 4,3 миллион шайлоочу бар. Шайлоо системинде 6 негизги тоскоолдук бар.

  1. Баш мыйзам боюнча 18 жашка толгон ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу. Биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган 1,3 миллиондон ашуун жарандар Конституцияга туура келбеген мыйзамдан улам шайлоо укугунан чектелген.
  2. Дагы 1 миллиондой мигрант болуп жүргөн жарандарыбызга шайлоо түйүндөрү ачылбай, шайлоо укуктарынан чектелип калышууда. Сөзүм так болушу үчүн 2010-жылы, 2011-жылы, 2015-жылы, 2017-жылы чет өлкөлөрдө добуш бергендердин санын карап коюңуздар, бардыгында бир нече миңден ашпайт. Бул абсурд!
  3. Анан калган-каткан шайлоочуларды "кошумча тизме" менен категоризациялап алышууда. Ыңгайсыздары тизмеге кирбей калышууда же шайлоого бара турган тилкеси башка аймакта болуп калууда. Калган шайлоочуларды сатып алышууда. 1 миллионго жакын бюджетте иштегендерге жана пенсионерлерге басым жасалууда, административдик ресурс колдонулууда.
  4. 9 пайыздык босого чеги дагы тоскоолдуктардын бири.
  5. 5 миллион сомдук төлөм дагы тоскоолдуктардын бири.
  6. Конституцияда эл депутаттарды түз шайлайт деген норма бар. Депутаттарды түз шайлоо нормасы кирмейин, партия лидерлери элдин эркине чек коё берет", - дейт Гүлжигит Исаков.

Ал мигранттардын көпчүлүгүнүн добушу бийликке каршы бериле турганын кошумчалады. "Мигранттардын добуштары эч бир саясатчынын жеке менчигинде эмес. Чечим чыгаруучулар иш жүзүндө ушул 6 тоскоолдукту жойсо гана чыныгы элдик башкаруу жөнүндө айта алабыз. Жогорку Кеңештин 5-6-чакырылыштарындагы партиялар жалпы шайлоочулардын 36-37 пайызын гана чагылдырып келет.

Эгерде бул тоскоолдуктар жоюлбаса, бул көрсөткүч 30 пайыздан дагы төмөн түшүп кетет жана Жогорку Кеңеш элдин таламын жана эркин чагылдырбай эле, бир ууч коррупционер жана саткындардын кызыкчылыгын коргогон институтка айланат. Жалпы шайлоочулардын 50 пайызынан көбү шайлоого келип бергенде гана шайлоо өттү деп эсептелиши зарыл. Учурдагы норма боюнча, шайлоого 100 киши келип берсе дагы шайлоо өттү деп эсептеле берет.

Кыргыз Республикасын талкалоочу бул систем жоюлмайынча, эч бир курулай убадага ишенбөө керек. Иш жүзүндө барган кадамдарга көңүл буруу керек, оозеки декларацияларга эмес", - дейт Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан