Ардагерлер арасындагы күрөш боюнча мелдеште кыргыз балбаны күмүш медаль тагынды

Грузиянын Тбилиси шаарында ардагерлер арасындагы күрөш боюнча мелдештер уланып жатат. Кыргыз балбаны Чынарбек Изабеков аталган мелдеште күмүш медаль тагынды.

Ал 100 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, чейрек финалда Араб Эмираттарынан келген балбанды жеңген. Жарым финалда ирандык балбан менен күч сынашып финалга чыккан. Финалдык бөлүктө дагы бир ирандык менен атаандашып, 2:1 эсебинде жеңилип калган.

Муну менен Чынарбек Изабеков ардагерлер арасындагы күрөш боюнча мелдеште 2-орундун ээси боло алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан