Интернетке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин фитнес-клубдун ачылышына катышкан сүрөтү тарады. Анда өкмөт башчы менен бирге Жогорку Кеңештин айрым депутаттары дагы барган.
Сүрөттөн өкмөт башчы кызыл тасмалды кесип, фитнес-клубдун ачылышын жасаганын көрүүгө болот. Интернет колдонуучулар сүрөттүн алдына пикирлерин калтырышып, уят иш болду дешүүдө. "Мамлекеттик ишканалар ачылбай, жеке ишканаларга башчыларыбыз барып жатат", "Башка ача турган маанилүү эч нерсе жок болсо, эмне кылсын?", "Мамлекеттин ишин ойлосо болмок!" деген пикирлерин жазышкан.
Ал эми айрымдары бул иштен жаман нерсе көрбөгөнүн айтып, тескерисинче чет элдик инвесторлорду тартуунун жолу дейт. Ошондой эле ушул өңдүү иштерди президент же өкмөт колдоп турса жакшы иштер көп болорун кошумчалаган.