Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан жарандын жансыз денеси табылды. Ал бакка байланган абалда болгон

Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан жарандын жансыз денеси табылды. Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан кабарлагандай, учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуянын келип чыгуу себептери такталууда.

"Бүгүн, 13-октябрда эртең менен саат 09:30 чамасында Октябрь РИИБине Асанбай кичи районундагы токой багынан кебетеси европалык болгон эркек кишинин жансыз денеси табылганы маалымдалган.

Жерине ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери барып, талдын жанында тизесин бүккөн абалда эркек кишини көрүшкөн. Маркумдун моюнуна электр тогун жеткирүүчү зым байланган. Зымдын экинчи учу талга байланып турган. Кийинчерээк маркумдун аты-жөнү аныкталып, ал 1975-жылкы Е.П. болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, акыркы убакта маркумдун жумушунда маселелер болуп жаткан.

Учурда бул факты боюнча бардык тергөө амалдары улантылууда", - дейт басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
lotte
2019-10-14 16:52:16
Крим* инфо бла, бла, бла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан