Орусиялык актриса Анастасия Заворотнюктун үй-бүлөсү анын жаш кезинде үлпөт тоюнда түшкөн сүрөтүн актрисанын социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Архивдик сүрөт актрисанын жолдошу Пётр Чернышев менен баш кошконуна 11 жыл болгонунун урматына жарыяланган.
Сүрөттөн Заворотнюк ак үлпөт көйнөк кийип, жолдошу Пётр менен деңизде түшкөн сүрөтүн көрүүгө болот.
Ал жакка жазылган билдирүүдө ал экөөнү жакын туугандары, достору куттуктаганы жана дүйнөдө Пётр менен Анастасиянын сүйүүсүнөн улам дүйнөдө сүйүү бар экени айтылат.
"Жашоодо бактылуу көз ирмемдер ошол эле учурда кыйынчылыктар болот. Мына ошол учурда сүйүктүү адамыңа убакыт бөлүү өтө маанилүү. Силер ар дайым суктандырып, бирге болуп келдиңер, мындан ары дагы көп нерселерди жасай аласыңар", - деп айтылат билдирүүдө.
"Моя прекрасная няня" сериалы аркылуу белгилүү болгон актрисаны акыркы стадиядагы баш мээнин шишиги менен жабыркап келгенин чет элдик басылмалар буга чейин жазып келген. Ал бул залалдуу шишик менен жарым жылдан бери күрөшүп келгени айтылган.