Тажикстандагы «Амонатбанк» банкынын эсепчиси Ориф Бахталиевич Турдиев өзүн атып каза болду. Кырсык ал иштеген банктын филиалында орун алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, банкта жүрүп жаткан ички аудит учурунда Турдиев стресс абалында жүргөн. Ал банк күзөтчүсүнүн тапанчасын алып, алгач өзүнүн бутуна, андан кийин башына ок чыгарган. Ориф Турдиевди оор абалда ооруканага алып бара жатканда, каза тапкан. Кесиптештери анын өзүнө кол салуусу тууралуу ар кандай божомолдорду айтышууда. Айрымдары "Турдиев аттестациядан өтпөй калган" дешсе, кээ бири "ал аудит ишмердүүлүгүнүн басымында калышы мүмкүн", - деген божомолдорун билдиришкен.
Маалым болгондой, маркум 47 жашта болгон. Аталган банкта ал 22 жылдан бери иштеп келген. Учурда бул окуя боюнча "өзүнө кол салуу" боюнча кылмыш иши козголду.