Футбол боюнча улуттук курама команда Монголияда алгачкы машыгуусун жүргүздү. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирет.
Маалым болгондой, эртең, 15-октябрда Катар-2022 Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын алкагында кыргыз футболчулары Монголия менен ойнойт. Оюн Улан-Батор шаарында өтөт, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.
Буга чейин Бишкекте Кыргыз курама командасы Мьянманы 7:0 менен утса, Монголия Японияга 0:6 эсебинде жеңилген.
Буга чейин эки команда бири-бири менен бир дагы жолу ойногон эмес.