Ильзат Ахметов Орусия курама командасы менен "Евро-2020нын" финалдык баскычына чыкты

Кыргыз өлкөсүнөн чыккан футболчу Ильзат Ахметов Орусия курама командасы менен Евро-2020 мелдешинин финалдык баскычына чыкты.

14-октябрга караган түнү Орусия Кипр менен конокто ойноп, 5:0 эсебинде жеңип алган. Ильзат Ахметов бул оюнда негизги курам менен чыгып, 61-мүнөттө алмашылган.

Бул жеңиш менен Станислав Черчесовдун командасы тайпада 21 упай топтоп, Еврого жолдомо алды.

Орусия курама командасы үчүн Ахметов ушул жылдын март айында Бельгияга каршы алгачкы оюнун өткөргөн.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Raatbek700
2019-10-14 16:35:24
Аны жазбай эле койсонор болмок бизге эч кандай пайдасы жок
+10
Musafir
2019-10-14 17:32:43
Жөн орусиянын командасы финалдык баскычка өттү, деп жаза бергиледа тим эле ильзат кыйраткансып жагаланып аны буяка мактабай, миң мактасаңарда ал уже саткын бизге бир тыйынча пайдасы жок.
+7
Dembele84
2019-10-14 17:34:41
Биздин сыймыгыбыз,патриот футболчубуз Ахмедов,Россия курамасы менен еврого чыкты деп койгула лучше
+4
asad345
2019-10-14 19:19:49
Ильзатты ызаттап Азамат Байматов чакырды, бирок ал орустарды тандады
+2
Patoshik1
2019-10-14 22:09:21
Ильзат азамат!!! Мыкты оюн корсотуп Келе жатат ЦСКАнын жана Россиянын курамында!!! Саткын саткын дейсинер.Чыныгы саткындардын жанында бул бала кумурска эле болуп каласа керек!!! Балким мен деле чыныгы патриот эместирмин,ошондуктан Ильзатка наразычылыгым жок!!! Андан башка проблемаларым коп жашоомда)))
-5
tuku
2019-10-14 22:15:11
Patoshik1,молодец саткындар башка жерде. Ал акча таап журот копчулук мигранттардай эле. Канча деген Кыргыздар гражданство алып алды аларда саткынбы ошондо
-2
tuku
2019-10-14 22:16:47
Ошондо менда саткын болуп каламбы. Ушул созду жазып.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан