"Мени коё бергиле!" Ирландияда маркумдун акыркы сапарга узатуу зыйнаты жакындарына күлкү тартуулады

13-октябрда социалдык тармактарга Ирландияда өткөн "эң көңүлдүү акыркы сапарга узатуу" зыйнатынан алынган видео тараган. Видеодон он чакты адам мүрзөнүн жанында туруп, табытты жерге түшүрүп жатканын көрүүгө болот. Ошол замат салттуу ирландиялык музыканын ордуна жерден кимдир бирөөнүн табытты каккылап, "Эй, мени коё бергиле! Мен каякка түшүп калдым? Коё бергиле, бул жер караңгы экен!" деген тамаша аралаш үнү жаңырган. "Бул Шей, мен кутучанын ичиндемин. Жок, тагыраагы мен каза болдум. Мен болгону силер менен көңүлдүү маанайда коштошууну каалагам" деген маркумдун үнүн угууга болот. Мүрзөнүн жанында турган адамдар бул үндү угуп, күлүп башташкан. Маркум алдын ала өзүнүн акыркы сапарга узатуу зыйнатына көңүлдүү үндү жаздырып, даярдап койгон.

Адамдардын жүзүнө жылмаюу тартуулаган окуя Дублиндин тургуну Шей Брэдлинин акыркы сапарга узатуу зыйнатында болгон. Ал ирландиялык армиянын ардагери жана 4 баланын атасы болгон. Брэдли ушул жылдын 8-октябрь күнү узакка созулган оорунун кесепетинен каза болгондугу айтылган. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты 12-октябрда Килнамана мүрзөсүндө болуп өткөн. Маркумдун кызы Андреанын айтымында, үндү жаңыртуу атасынын акыркы каалоосу болгон. "Маркум атам өзүнүн акыркы сапарга узатуу зыйнатында жакын адамдарынын жылмаюусун каалаган", - деп Твиттердеги баракчасына билдирүү калтырган. Ошондой эле маркум Брэдлинин небереси да Твиттердеги баракчасына "Чоң атам, аны биз жылмаюу менен узатуубузду каалаган эле..." деп жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kuba-savai87
2019-10-14 22:16:22
Негизи ыйлабай узаткан жакшы дейт го
+4
Chungyz
2019-10-14 22:45:34
Кулбой узатыш керек
+3
aminali
2019-10-15 04:21:23
Ошол жакта болбой калганыма шугур. Кулмок тугул, инфаркт болмокмун( ким билет сюрприз сыяктуу даярдагандыр суйлотуп аудио катуу кылып).
+3
Nevestkaa
2019-10-15 11:17:50
Жакын адамың түбөлүкө кетип жатса кантип ыйлабай коесун?Кудайым көз жаштан сактасын.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан