Түндүк жана Түштүк Корея Катар-2022 Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын алкагында 15-октябрда кез келет. Бул беттеш Пхеньян шаарында өтөт.
Футбол федерациясы SUPER.KG порталына билдиргендей, бул беттеште Кыргыз комиссары Кемел Токобаев кызмат кылат. Ал стадиондо башкы көзөмөлдөөчү катары иш алып барат.
Кемел Токобаев муну менен Катар-2022 мундиалына тандап алуу оюндарынын алкагында үчүнчү ирет дайындалып жатат.