Британия: Окумуштуулар адамдын качан өлөрүн көрсөтө турган саат ойлоп табышты
Улуу Британияда окумуштуулар адамдын канча өмүрү калганын аныктоого жөндөмдүү өзгөчө каражат ойлоп табышты. Шарттуу түрдө "өлүм индикатору" деп аталган кол саатка окшогон жабдуу денени оорутпай турган лазердик нурдун жардамы менен адамдын органын анализдейт жана дене канчалык тездикте картайып жатканын көрсөтөт. Ланкастер университетинин физиктери Анета Стефановски жана Питер Макклинток лазердик нурдануунун жардамы менен капиллярлардагы эндотелий клеткаларынын абалын анализдеп, картаюунун ылдамдыгын эсептей турган түзүлүш чыгарышты. Аталган өлкөнүн ММКларынын маалымдашынча, "өлүм индикатору" 0дөн баштап 100гө чейинки сандарды көрсөтүп, андагы минималдуу көрсөткүч кишинин дээрлик өлгөнүн билдирсе, максималдуу көрсөткүч адамдын ден соолугу мыкты абалда экендигинен кабар берет. Тесттин жыйынтыгы бирдиктүү маалымат базасына топтолот. "Ага таянып организмдин ресурсун максималдуу түрдө так аныктоого болот. Башкача айтканда, биз адамдын канча өмүрү калганын алдын ала айта алабыз",- дейт Стефановски. Ойлоп табуучулар 3 жылдан кийин дарыгерлер аталган жабдууну колдонуп башташат деген үмүттө. Айтымдарында, жабдууну колдонуп көрүүгө врачтар да, жеке ишкерлер да даяр, ал 2017-жылдан баштап медициналык каражат катары сатыкка чыкмакчы. Банктар да узак мөөнөткө кредит алуучуга карата аталган жабдууну колдонууга кызыкдар экендигин билдиришет "өлүм индикаторунун" авторлору. Окумуштуулар дисплейдеги сандар адамдардын ден соолугунун учурдагы абалы тууралуу маалымат берип, аларды сергек жашоого үндөй турганын баса белгилешүүдө. Жабдуудагы сандар начар болсо, адамдар организминин потенциалын кантип көтөрүүнү ойлоно баштай турганы айтылууда.