Дүйнөдөгү эң кымбат тыйындын баасы айтылды

Дүйнөдөгү эң кымбат тыйындын баасы айтылды. Сейрек кездешүүчү тыйын – бул алтын динар. Тыйын биздин замандын 723-жылы сатыкка чыгарылган. Улуу Британияда өтчү аукциондогу баштапкы баасы учурда 2 миллион 20 миң доллардын тегереги болуп жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, азыркы убакта дүйнөдө мындай тыйындардын саны онго жетет. Булардын көпчүлүгү жеке коллекциялык топтомдордо же музейлерде сакталат. “Бул тыйын эң мыкты сакталган жана маанилүү тарыхый документ болуп дагы эсептелинет”, - деди Ислам тыйындарын сатуу боюнча эксперт Стивен Ллойд. Алтын динар Меккеден анча алыс эмес кенден казып алынып жасалган. Ал эми тыйындын бетиндеги жазуу "менин кол башчым ишенимдүү" деген маанини туюнтат.

Аукцион 24-октябрда болору пландалып жатат деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
interpol
2019-10-15 12:23:38
Менин кол башчым ишенимдүү деген жери жакты
+5
Ali-han
2019-10-15 12:27:24
Сатып алсамбы барып?
+5
sher90kgz
2019-10-15 20:55:54
Энем чачына кошуп оруйт эле арасында бар экенби, карайынчы)))
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан