Кыргызстан менен Өзбекстандын Чек ара кызматынын башчылары жолугушту
11-августта КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын
төрагасы Курманакун Матенов өзбекстандык кесиптеши Рустам
Эминжанов менен жолугушту. Мамлекеттик чек ара кызматы
билдиргендей, жолугушуу Кытайдын Үрүмчү шаарында террорчулукка каршы кыргыз-кытай
окуусунун алкагында болду. Анда 2 өлкөнүн Чек ара кызматынын башчылары актуалдуу
маселелерди талкуулашып, кыргыз-өзбек чек арасында жаңжалдарды болтурбоо үчүн
колдонула турган чаралар тууралуу сүйлөшүштү.