Бишкекте 12-октябрь күнү 4 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу окуянын күбөсү билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Абдрахманов көчөсү менен Пушкин көчөсүнүн кесилишинде болгон. Анда Хонда Фит, Мерседес-Бенц, Hyundai жана Лексус үгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
"Болжол менен саат 16:00 чамасында Пушкин көчөсүнөн чыккан Мерседес-Бенц унаасын үйлөнүү тойдун кортежинде бара жаткан Хонда машинасы капталга сүзгөн. Ал учурда негизги жол кортеждеги унааныкы болгон. Натыйжада Мерседес-Бенц жолдогу тосмого урунган. Жол кырсыгы катталган жерде Hyundai үлгүсүндөгү жеңил унаа жүргүнчүлөргө жол бошотуп берип жатканда артынан Лексус унаасы сүзгөн. Күбөнүн айтуусунда жабыркагандар жок. Кырсык тууралуу тараптар өз ара келишип, жол кыймылынын инспекторлорун чакырышкан эмес", - деди күбө.