Индиянын Уттар-Прадеш штатында жаңы төрөлгөн ымыркай кызды тирүүлөй көмүп салышкан. Бул тууралуу индиялык басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, ымыркай аман калып, ооруканага жеткирилген.
Аны жергиликтүү тургун өзүнүн каза болгон кызына жер казып жатып, таап алган. Ымыркайды тирүүлөй карапага салып, жерден 90 сантиметр тереңдикте көмүп коюшкан. Ал дароо ооруканга жеткирилген, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Полиция ымыркай кыздын ата-энесин издөө иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдирген.
Индияда кыздар үй-бүлөдө финансылык күч катары каралып, көпчүлүк жакыр аймактарда кыз төрөлөрү менен өлтүрүлгөн учурлар көп катталат.