Бүгүн, 15-октябрда Түндүк Кореянын Пхеньян шаарында Катар-2022 Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын алкагында Түндүк жана Түштүк Корея ортосунда беттеш орун алды. Оюн командалардын тең чыгуусу менен аяктады. Эки курама команда бири-биринин дарбазасына бир да гол киргизе алышкан эмес.
"Тарыхый беттешүү деп аталган бул оюн тандап алуу турларынын эң өзгөчөсү болду. Себеби оюн күйөрмандарсыз өттү. Демейде футбол талаасында жаңырып турган сүрөөндөр угулган жок. Беттештин жыйынтыгына күйөрмандардын жоктугу да таасир берген чыгар", - деп жазылат маалымат булактарында.