Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов швециялык чабуулчусу Златан Ибрагимовичтин "Матрица" тасмасына арналган чакыруусуна жооп берди.
Мындан бир нече убакыт мурун "Лос-Анджелес Гэлакси" клубунун оюнчусу Златан Ибрагимович топту бийик тээп, аны көкүрөгү менен кармап турган видео тартып, социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырган. Ал ошол эле учурда видеодогудай кыймыл аркеттерди жасоону талап кылып челленж дагы уюштурган. Чабуулчу челленжди бир нече белгилүү адамдарга узаткан. Алардын арасында орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун дагы ысымы айтылган.
Хабиб Нурмагомедов кайсы белгилүү адамга окшош экениңди сүрөт аркылуу аныктаган, учурда популярдуу болуп жаткан тиркеме аркылуу сүрөт жасап, инстаграм баракчасынын тарыхчасына киргизди. Орусиялык мушкерге аталган тиркеме швециялык футболчу Златан Ибрагимовичке окшош деген жыйынтык чыгарган.
Буга чейин аталган челленжге украиналык оюнчу Николай Морозюктун жубайы Ирина дагы катышып, Ибрагимовичти өзүнүн сүйүктүү футболчусу экенин айткан.