Кыргыз өлкөсүнүн үй ээлерин жана каржы мекемелерин алдап, качып жүргөн Кыргыз жараны Орусиянын Москва шаарында кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү 41 жаштагы Ош облусунун тургуну. Ал "жасалма документти атайылап пайдалануу менен документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу" беренеси менен шектүү катары Ош облусунун Алай РИИБинин тергөө органдары тарабынан издөөгө алынган.
"Материалдык жактан жеңил баюу максатында жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2010-жылы жеке нотариус менен алдын ала сүйлөшүп алып, турак жайдын ээсинин жеке макулдугу жок, өзү үй ээсинин колун жасап койгон. Андан соң кылмыштуу жол менен кыймылсыз мүлктү өзүнө ыйгарып алган. 2012-жылы кылмышкер кыймылсыз мүлктү банкка коюп, 300 миң сом өлчөмүндөгү насыяны өз жубайына каттаган. Акча каражатын алгандан кийин өз керектөөсүнө коротуп, банкка материалдык чыгым келтирген. Азыркы учурда шектүүнү кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз өлкөсүнө алып келүү маселеси чечилүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.