Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айылында 50 орундуу балдар бакчасы ачылат. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Айжан Чилетова 13-августта билдирди. Учурда эски имаратты оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Ал эми район борбору Кербен шаарынын Дөң-Кыштак айылында күзүндө 140 орундуу бала бакча ишке берилмекчи.