Улуттук курама команданын машыктыруучусу Александр Крестинин: "Эки оюнда 6 упай алуу оңойго турган жок"

15-октябрда Кыргыз футболчулары Монголияны конокто 2:1 эсебинде утуп алды. Бул жеңиш менен Кыргыз өлкөсү 3 оюнда 6 упай топтоп, өз тайпасында 2-орунга чыкты. Оюн тууралуу Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин ой бөлүштү.

"Эки оюнда 6 упай алуу оңойго турган жок. Мьянма жана Монголия менен болгон беттештерде жеңишке жетишүү абдан маанилүү болчу. Улан-Батордо болгон оюн абдан татаал болду. Оюндун 1-таймында жакшы ойнодук, экинчи бөлүгүндө каталарга жол бердик. Ири эсепте утууга мүмкүнчүлүктөр бар болчу. Монголия өз үйүндө кооптуу атаандаш экендигин футбол талаасында көргөздү", - деди Крестинин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
rysik79
2019-10-16 15:03:48
Эми дальше кандай онутто отоорун жазса болмок. Япошторду утсак анан Катарга дуйнолуко жолдомо алабызбы? Баса байматовтун кереги жок эле бала болуп калды окшойт. Футболго комментатор же КТРКа спортко охранник кылыш керек
+4
Altyn.bala
2019-10-16 15:10:56
rysik79,Озун охраник болуп ал.Байматов Кыргызстан учун кылганын мен да кылгам деп айта аласынбы?Кишини бир нерсе дээрден мурун озубузду бир карап алсак.
-1
Kamchybek-007
2019-10-16 15:33:47
rysik79,туура ал катын алмаштырып эле бала карап үйдө эле олтурсун бекер айлык албай
+3
Mister-X
2019-10-16 15:35:29
Гулжигит Алыкулов жакшы ойноду.Калган оюнчулар жакшы пастарды текке кетирди.
Биздин команда эн слабый командаларды женди.Дуйнолук оюнга чыгуу учун коптогон кучтуу командалар менен ойношу керек.Саша байке,команданызды дагы коп машыктырышыныз керек.Мен учун биздин команда начар ойноп жатат.Мындан ары жакшы ойнооруна ишенем.Умутубуз чон силерден.
+2
Chungyz
2019-10-16 16:14:49
Гол киргизе албасанар да защита жатып алгыла
0
elchi84
2019-10-16 16:48:15
Жапондорду жакшы аракет кылсанар утуп коесунар .
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан