Ысык-Көлдө үйлөнүү үлпөтүндөгү кортежде бара жатып рулду башкара албай унаасы менен жол четиндеги журналисттерди сүзүп кеткен айдоочуга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Кылмыш иши автотехникалык экспертизанын бүтүмүнө ылайык козголду. ОИИБинин Жол- кайгуул кызматынын “эгер веложүрүштүн уюштуруучулары журналисттер үчүн атайын аянт камсыздаган болсо, жол кырсыгынан качса болмок” деген арызынын үстүнөн дагы текшерүүлөр башталды. “Бул бүтүм негизсиз. Жол кырсыгы журналисттердин эмес, айдоочунун жогорку ылдамдыкта бара жатканынан келип чыкты”,- деп билдиришти ОИИБден. Эске салсак, 10-август күнү Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунда үйлөнүү үлпөтүндөгү кортежде жогорку ылдамдыкта келе жаткан унаа жол четинде топтолуп турган журналисттерди сүзүп кеткен. Журналисттер “Ысык-Көл Гран-При” веложүрүшүнүн катышуучуларын күтүп турушкан. Жол кырсыгынын кесепетинен 5 журналист жана 2 жергиликтүү тургун жаракат алып, ооруканага жеткирилген.