Буга чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Ленин айылында жеңил унаа менен жүк ташыган унаа сүзүшкөнүн SUPER.KG порталына окурман билдирген болчу.
Бул жол кырсыгы боюнча Жалал-Абад жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө байланышканыбызда маалыматты тастыктап, буларды билдирди.
"Бүгүн, 16-октябрда саат 10:00 чамасында Ноокен районуна караштуу Ноокен айыл өкмөтүндө жол кырсыгы катталган. Анда Дэу Матиз унаасы оор жүк ташыган унааны барып сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы 5 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алып, аймактык ооруканага жөнөтүлгөн. Учурда жол кырсыгы боюнча маалыматтар такталууда", - деп билдирет басма сөз кызматынан.