Ушул күндөрү Бириккен Араб Эмирлигинде өспүрүмдөр арасында бокс боюнча Азия чемпиондугу өтүп жатат. Кыргыз бокс федерациясы билдиргендей, аталган мелдеште 6 кыргыз мушкери жарым финалга чыга алышты.
66 килограмм салмакта Даниэл Абдрахманов финалга чыгуу үчүн индиялык мушкер менен рингге чыгат. 75 килограмм салмакта Кабатай Мукаш уулу жарым финалда өзбек мушкери Нурсатбек Тохиров менен кезигет. 80 килограмм салмактан жогору категорияда Арген Бакытбеков үй ээси Абдуллах Альхосани менен беттешет.
16-октябрь, жарым финалдык беттештер
66 килограмм
Жайдип Рават (Индия) — Даниэл Абдрахманов
75 килограмм
Кабатай Мукаш уулу — Нурсатбек Тохиров (Өзбекстан)
80 килограммдан жогору
Арген Бактыбеков — Абдуллах Альхосани (БАЭ)
63 килограмм
Сагын Сатыбалды уулу — Йогеш Кагра (Индия)
70 килограмм
Рахул Рахул (Индия) — Бекбол Мурасбеков
80 килограммга чейин
Мади Амиров (Казакстан) — Халит Алиев