Катар-2022: Тандап алуу оюндарынын 4-туру жыйынтыкталды. Кыргыз өлкөсүнүн тайпасындагы жагдай

15-октябрда Катар-2022 Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын алкагындагы 4-турдук оюндар жыйынтыкталды. Кыргыз футболчулары октябрда өткөн оюндарда 2 оюнда 6 упай топтой алышты. F тайпасынын фаворити саналган Япония дагы эки оюнда 6 упай топтоду.

Азырынча турнирдик жадыбал төмөндөгүдөй:

Кыргыз өлкөсү ушул жылы эки оюнду өз үйүндө өткөрөт. Анда Бишкекке 14-ноябрда Япония жана 19-ноябрда Тажикстан келет.

Тайпадагы боло турган оюндар:

14.11.2019
Кыргыз – Япония
Мьянма – Тажикстан

19.11.2019
Кыргыз – Тажикстан
Мьянма – Монголия

26.03.2020
Япония – Мьянма
Тажикстан – Монголия

31.03.2020
Мьянма – Кыргыз
Монголия – Япония

04.06.2020
Япония – Тажикстан
Кыргыз – Монголия

09.06.2020
Япония – Кыргыз
Тажикстан – Мьянма

Аталган раундда тайпадан 1-орунду алган командалар жана 2-орунду алган мыкты 4 команда (Азия чөлкөмүндө 8 тайпа бар, анын ичинен мыкты аталган 4 команда) тандап алуу турунун 3-этабына өтөт жана аталган командалар 2023-жылкы Азия Кубогуна жолдомо алат.

Тандап алуу турунун 3-этабында 12 команда 2 тайпага бөлүнүп, тайпасында 1-2-орунду алган командалар Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алышат. 3-орун алган командалар бири-бири менен ойноп, жеңүүчү команда башка чөлкөмдүн командасы менен жолдомо үчүн ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
keba300989
2019-10-16 16:58:31
Буйруса тайпадан чыкканга бизде толук мүмкүнчүлүк бар экен, Япондорду өз үйүбүздө жок дегенде тең чыксак Тажиктерди утсак биздин ак-шумкарлар тайпадан кийинки баскычка өтөт.
+8
TIMON_BERKOWITZ
2019-10-16 18:09:58
keba300989,жапондор менен 2 оюн бар экен алдыда. Көз жетпейт. А вот тажиктер менен менен болгон оюнда утуп алсак чоң шанс болот!
+2
Samash-87
2019-10-16 18:50:17
Тажиктер пайпагынарды чыгарат бир.
-3
Raatbek700
2019-10-16 19:32:20
Короче шанс бар
+4
dair_17
2019-10-17 11:24:15
Кыргызстан учун расписание татаал экен Япондорго куч берип ойноп, 4 кундон кийин Тажикстанга утулуп калбасак болду. Биздин негизги атандаш Тажикстанды утуш керек.
+1
katerina.li
2019-10-17 12:35:48
Шанс жок
-3
milan-707
2019-10-17 16:37:45
katerina.li,тайпадан Бир болуп чыксак кудакалласа сага менден Бир шаурма
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан