2020-жылы өтө турган Европа чемпиондугунун финалдык баскычына чыккан алгачкы 6 команда белгилүү болду.
10-15-октябрь күндөрү тандап алуу оюндарынын жыйынтыгында Бельгия, Испания, Италия, Польша, Украина жана Орусия финалдык баскычына чыгышты.
Мелдешке жалпы 24 команда катышат. Чемпиондук 2020-жылы Европанын Лондон, Мюнхен, Баку, Санкт-Петербург, Рим, Копенгаген, Бухарест, Амстердам, Дублин, Бильбао, Будапешт, Брюссель жана Глазго шаарларында өтөт.