Бишкекте селсаяктар байырлаган эски имараттан өрт чыкты

Бүгүн, 16-октябрда Борбор калаанын Чүй-Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги эски имараттан өрт чыкты. Бул тууралуу окуянын күбөсү билдирди. Маалыматка ылайык, өрт болжол менен саат 18:00 чамасында "Россия" кинотеатрынын артындагы имараттан чыккан.

"Бул имарат көп жылдан бери иштетилбей жатат. Акыркы кезде аны селсаяктар байырлап алган. Өрт чыккан маалда ичинде эч ким болгон эмес. Ал күчөп, жанындагы имараттарга өтүп кетпесин деп өрт өчүрүүчүлөрдү чакырганбыз. Алар тез эле келип, жалынды токтотушту", - деди күбө.

Маалыматты тактоо үчүн ӨКМге байланышканыбызда алар мындай кырсык катталганын жана жабыркагандар жок экенин тастыкташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан