Ушул күндөрү Бириккен Араб Эмирлигинде өспүрүмдөр арасында бокс боюнча Азия чемпиондугу өтүп жатат. Аталган мелдеште эки кыргыз мушкери финалга чыга алышты.
80 килограммдан жогорку салмакта Арген Бактыбеков жарым финалда үй ээсинин мушкери Абдуллах Алхосанды жеңип, финалга чыкты.
Дагы бир кыргыз мушкери 80 килограммга чейинки салмакта Халит Алиев казакстандык Мади Амировду жеңип, алтын медаль үчүн күчүн сынайт.
Буга чейин бул мелдеште 75 килограммга чейинки салмакта Кабатай Мукаш уулу коло байге жеңген.