15-октябрь күнү Катар-2022 Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын алкагында тарыхый беттеш орун алды. Анда Пхеньян шаарында Түндүк Корея менен Түштүк Корея менен ойногон.
Оюнга күйөрмандар жана чет элдик журналисттер киргизилген эмес. Беттеш 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Түштүк Кореянын эң атактуу футболчусу Сон Хен Мин оюнда жаракатсыз келгенибиз эле жетишкендик деп айтып берди.
"Жеңе албай калганыбыз өкүнүчтүү. Бирок оюнда үй ээлеринин оройлугунан жаракат албай келгенибиз эле жетишкендик болду. Орой ойногону мындай калсын, футболчулар беттеш башталгандан тарта сөгүп жатышты", - деп айтты ал.
Бул беттеште Кыргыз комиссары Кемел Токобаев кызмат кылган.