Бүгүн, 17-октябрда ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Ага ылайык, жеке ишкер П.Р. укук коргоо органдарына анын бизнесин рейдерлик менен басып алуу аракеттери жүргөнүн айтып кайрылган. Анда "Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын айрым кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган. Натыйжада П.Р анын мурунку жубайы П.В.нын буюртмасы менен куугунтуктоого кабылган. 2019-жылдын февраль айында жогоруда айтылган баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын кызматкерлери П.В убадалаган сыйлык акыны алуу үчүн жабырлануучунун автоунаасына 32 грамм гашиш баңги затын таштаган. Жыйынтыгында П.Р баңгизат сактоого шектүү болуп кармалган", - деп айтылат маалыматта.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүүлөр Ч.Д менен Б.У. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Азыркы учурда тергөө иштери жүрүүдө.