SpaceX компаниясынын башчысы, миллиардер Илон Маск Орусиянын Краснодарында өтө турган кичи жана орто бизнеске арналган форумга катышат. Маск бизнес-форумга видео аркылуу катышат.
Буга чейин орусиялык ишкерлер Калифорниядагы Илон Масктын кеңсесинин жанына жарнамалык баннер илип коюшкан. Анда "Kak tebe takoe, Elon Musk?" деген жазуу жана Краснодарда боло турган бизнес-форумдун интернет-сайты жазылган. Маск бул жарнамалык баннерди көргөндүгүн билдирген.
Аталган бизнес-форум 18-октябрда башталып, ага 25 миңден ашык ишкерлердин катышуусу күтүлүүдө.