Жалал-Абад. Үй шартында биогаз жана жер семирткич иштелип чыгууда

Жалал-Абад шаарында малдын кыгы кайра иштетилип, технологиянын жардамы менен үй шартында биогаз жана жер семирткич иштелип чыгууда. Жеке ишкер Бактыбек Сулаймановдун айтымында, бул иш менен ал 1 жылдан бери алектенүүдө. Атайын техникалар чет элден алынып келинип, жергиликтүү компаниялар орнотуп беришкен. Жер семирткич жасоодо алгач малдын кыгы 50 тонналык идишке топтолот. Кык ысык температурада ачыгандыктан, идиштин (челек) ичине мештер орнотулуп, ар дайым 39 градус ысыктыкта кармалып турат. Ачыган кыктан бир убакта биогаз жана жер семирткич иштелип чыгат. "Бир күндө 165 метр куб биогаз, 3 тоннадай жер семирткич өндүрүлөт. Бир күндүк өндүрүлгөн биогаз 20 үйдү газ менен кенен камсыздоого жетет", - дейт ишкер. Учурда кол алдында 4 адам иш менен камсыз болушкан. Келечекте бул ишти жайылтып, өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө салым кошсом деген тилектери бар экенин айтат Сулайманов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан